Кыргызстанда буудай, кант кызылча жана картошканын түшүмү аз болору күтүлүүдө
Кыргызстанда буудай, кант кызылчасы жана картошканын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу аз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, быйыл дан эгиндери 2013-жылга караганда 16,3 миң гектарга көбүрөөк эгилген. Бирок жалпы республика боюнча суунун аздыгынан буудайдын көлөмү гектарына 3,3 центнер, арпанын көлөмү гектарына 3,7 центнерге азыраак болору күтүлөт. Жалпысынан буурчак жана дан эгиндеринен быйыл 130,6 миң тоннага азыраак түшүм алынышы ыктымал.
Кант кызылчасы быйыл 7,3 миң гектарга эгилип, 146,7 миң тонна чогултулушу күтүлүүдө. 2013-жылы бул көрсөткүч 195,4 миң тонна болчу. Ал эми быйыл 1278 миң тонна картошка жыйналары болжолдонуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
edu.kg

13.08.2014. 14:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эми баары кымбатайт дегенди тушунсок болот да э...
LISICHKA

13.08.2014. 20:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
керегем сага айтам,келиним сен ук дегендей кымбатчылыкка даярдана бергиле дешгендери да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.