super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Беларусь элчилигинин алдында кепинге оронуп, Курманбек Бакиевдин сыйлык алганына каршы акция өткөрдү

 

Бүгүн, 13-августта укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында Беларусь президенти Александр Лукашенконун Курманбек Бакиевге “Элдердин достугу” сыйлыгын бергенине нааразы болуп, кепинге оронду.

Укук коргоочу бул кылыгын элчилик алдында 7-апрелде Ак үй алдында курман болгондордун арбагы жүргөндүгүн көрсөткүсү келгендиги менен байланыштырды. Ошондой эле ал Лукашенко Курманбек Бакиевге “Элдердин достугу” сыйлыгын бергени кыргыз элин шылдыңдоого жатарын жана Бакиевди камоо боюнча соттун өкүмү чыккандыктан, Кыргызстанга экстрадициялашы керектигин айтты. 

Айта кетсек, ушул жылдын 1-августунда Беларустун президенти Бакиевге туулган күнүндө Элдердин достугу орденин тапшырганы айтылган болчу. 






Ө.Токтонасыров кепинге оронуп, Бишкекте акция өткөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: