super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Гүлсүн Мамашева жайлоодогу бала бакчаларда өтө турган концертке катышат

 

Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоо бала бакчасына барган балдарга алдынкы маданият кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулашат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду билдиргендей, эртең, 14-августта Роза Отунбаева Панфилов районунун Вознесеновка жана Манас районунун Үч-Коргон айылдарында болот.

Ошондой эле Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы жайлоо бала бакчасында чийден куурчак жасоо боюнча чебер Жылдыз Бек мастер-класс көрсөтөт, КРнын Улуттук сүрөтчүлөр академиясынын сүрөтчүлөрү балдар менен сүрөт тартышат. Ал эми И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары балдарга, ата-энелерге балдардын ар тараптуу өсүшү тууралуу мастер-класс өтүшөт. Кыргыз элинин улуттук оюндарынын үлгүлөрүн профессор, кыргыз элинин оюндары боюнча эксперт Таалайбек Үмүтов үйрөтсө, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрынын балетмейстери Кубан Сыдыков бий искусствосу болгон менуэт, вальс, танго бийлерин тааныштырат. Мындан тышкары Салтанат Саматова жана Гүлзада Медералиева балдарга жомок окуп беришет.

Ошондой эле КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери Мурадыл Сагыналиев, Мээрим Карыпова, Таалай Иманкулов, акын Мирлан Самыйкожо, М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын окуучулары жана башкалар концерт беришет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.08.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камила Талиева келе бекен?
13.08.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камила Талиева келбегени жакшы,болбосо дагы маданият жаатына тиешелуу тиешелуу эмес создорду суйлоп алып,позору патрондон чыгып кетбесин,тооба кылдым Талиева.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: