Министр: "Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан, массалык электр менен камсыздоо токтоп калышы мүмкүн"
Бүгүн, 13-августта өкмөттүн селектордук отурумунун жүрүшүндө КРнын Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев: "Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аз запастары менен күзгү-кышкы мезгилге киргендигибизден массалык электр менен камсыздоонун токтоп калышы толук мүмкүн",- деди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, былтыркы кышта электр энергияны пайдалануу 71 миллион киловатт-саат болуп, тарыхый деңгээлге жетти. Ал эми жайкы мезгилде былтыркы жылга салыштырмалуу саатына 2 миллион киловаттка көбөйгөн.
"2014-жылдын 3-кварталында Токтогул суу сактагычына суунун түшүшү 77 пайызга болжолдонууда. Ошентип, 1-октябрда суунун көлөмү 12,8 миллиард куб метр, 2015-жылдын 1-январында 10,3 миллиард куб метр, 2015-жылдын 1-апрелинде 5,9 миллиард куб метрди түзөт",- деди Артыкбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















