super.kg logo

Ысык-Көлдө өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна Ош шаарынан 100гө жакын өкүл барат

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна Ош шаарынан 100гө жакын өкүлдүн келүүсү күтүлүүдө. Уюштуруу комитетинин чечими менен өлкөнүн бардык аймактарынан келген катышуучулар кыргыз элинин көчмөн турмушун чагылдырган оюн-зоокторго катышат. 

Иш-чара 9-сентябрдан тартып 14-сентябрга чейин улантылат. Түзүлгөн программага ылайык, Ош шаарынан барган өкүлдөр Ысык-Көл районунун Кырчын капчыгайына жайгашып, бөлүнгөн аймакка 10 боз үй тигилет.

Анда кол өнөрчүлөрдүн, элдик уздардын эмгектери тартууланат. Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн берген маалыматында учурда даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага Ош шаарындагы мекеме-уюмдар жана чыгармачыл топтор тартылган.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.08.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бюджеттин дефицитин коруп ушул кочмондор оюну керек беле деген ойго келдим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: