Жылнаама, 14-август: Мындан 40 жыл мурун Бишкектеги "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнү ачылган

* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы баш калаанын борборунда жайгашкан "Айчүрөк" универсал дүкөнү ачылган. Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ" ачык акционердик коомуна айландырылган. Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22% акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык "Кэвитал" компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген. Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнүнө кошуп 2003-жылы "ЦУМ – Холдинг", андан соң "ЦУМ-Арбат" жоопкерчилиги чектелген коом түзгөндүгү болгон.

* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Грециянын борбору Афины шаарына жакын жерде Боинг-737 учагы кулап түшкөн. Учакта болгон 121 кишинин баары каза болгон.

14-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.