Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чаралары 25-августта башталары пландалууда
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чаралары 25-августта башталары пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта селектордук отурумдун жүрүшүндө КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, чогултуу иш-чаралары 31-августка пландалган болчу. "Пенсия жана жөлөк пул алуучулар эң биринчилерден болуп биометрикалык маалыматтарды тапшырышат",- деди ал.
Айта кетсек, Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча тендерди Германиянын “Гезике энд Девриент” (“Giesecke & Devrient”) компаниясы жеңип алган. Ал эми жабдуулардын биринчи комплекти жакынкы бир-эки күндүн ичинде, толугу менен сентябрда келери айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.