Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун майыптар маселеси боюнча өкүлү менен жолугушту
Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун майыптар маселеси боюнча атайын баяндамачысы Шуаб Чаклен менен жолугушту. Анда министр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин чөйрөсүн формалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн аракеттер жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу 14-августта Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"155 миң адам өзгөчө кам көрүүгө муктаждардын катарына кирет. Өткөн жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча комплекстүү план иштеп чыкканбыз. 2013-жылы майып балдардын катышуусунда Бишкек шаарында жана Жалал-Абадда акция өткөрдүк. Быйыл Кыргызстандын бардык облустарында өткөрүүнү пландап жатабыз",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.