Ош. Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдардагы социалдык өнүгүү программасын иштеп чыгуу үчүн тегерек стол өтүүдө
Бүгүн, 14-августта Ош шаарында Кыргыз Республикасындагы 2015-2017-жылдардагы социалдык өнүгүү программасын иштеп чыгуу үчүн тегерек стол өтүп жатат.
Автор: Айсана Паизова
Ага ЖКнын депутаты Надира Нарматова, Ыргал Кадыралиева, КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан социалдык тармакта иш алып барган өкүлдөр катышууда.
Анда депутат Надира Нарматова бул программанын негизги максатына токтолуп өттү. "Өкмөт муктаж болгон жарандарга көңүл бурганы менен, алар күнүмдүк жашоодо кагылышууга дуушар болуп келишет. Ошолордун жашоолорун толук кандуу жарандын деңгээлине жеткирүү үчүн программаларды иштеп чыкканга сунуштарды айтыңыздар",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.