Ош. Кытай эли милицияларга оргтехникаларды тапшырды



Кытайдын Оштогу башкы консулу У Инцинь жана консул-атташе Чжэн Хэнган башында турган расмий өкүл ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков башында турган Ички иштер башкармалыгынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда мамлекеттеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле терроризм жана экстремизмге бөгөт коюу келишимдери боюнча бирге иш алып баруу сүйлөшүлдү.
Ал эми кытай тарап Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгына оргтехникаларды тапшырды.
Жолугушуу учурунда эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын адистерди даярдоо боюнча кытай тарап Кыргызстанга окуу курстарын уюштура тургандыгын маалымдады.

