super.kg logo

Жылнаама, 15-август: Мындан 245 жыл мурун Европаны бир топ дүрбөлөңгө салган Франциянын императору Наполеон Бонапарт төрөлгөн

 

* Мындан 90 жыл мурун, 1924-жылы жазуучу Зуура Сооронбаева туулган. 1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун "Ысык-Көл правдасы" гезитинин редакциясында секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. 1959-1974-жылдары район аралык "Коммунисттик эмгек" гезитинде кабарчы, 1974-1979-жылдары кайрадан "Ысык-Көл правдасы" гезитинде кабарчы болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Менин айылым" деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Анын "Эркек колукту", "Сынган мазар", "Байлык жана махабат", "Өрттүү таң" сыяктуу белгилүү чыгармалары бар. Жазуучунун "Сынган мазар" пьесасы казак тилине которулуп, "Илдет" деген ат менен Абай атындагы Жамбыл театрында коюлган. З.Сооронбаева бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин автору. "Чоочун киши" романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.

* Мындан 245 жыл мурун, 1769-жылы Европаны бир топ дүрбөлөңгө салып, үшүн алып турган Франциянын императору (1804-1814) Наполеон Бонапарт төрөлгөн.
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы Перуда күчү 8 баллга жеткен зилзала болгон. 514 киши каза болуп, миңден ашуун адам ар кандай жаракат алышкан. Эпицентрге жакын жайгашкан Писко шаарынын 80 пайыз имараты талкаланган.
* Мындан 24 жыл мурун, 1990-жылы акын, музыкант жана советтик легендарлуу “Кино” рок-тобунун лидери Виктор Цой автокырсыктан көз жумган.
15-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: