Жылнаама, 18-август: Мындан 59 жыл мурун өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев туулган
* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы Кыргызстандын 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Фрунзеде туулган. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган). Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР ИА Физика институтунун аспирантурасын аяктаган. Эмгек жолун 1981-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы болуудан баштаган. 2014-жылдын апрелинен баштап кыргыз өкмөтүн жетектеп келе жатат.
* Мындан 787 жыл мурун, 1227-жылы, айрым тарыхый маалыматтарга караганда, дүйнөгө таанылган айтылуу өкүмдар Чыңгыз хан дүйнөдөн кайткан. Жазма булак маалыматтары өкүмдардын өлүмү туурасында ар башкача кабар беришет. Алардын кээ бирлери "Чыңгыз хан аттан жыгылып өлдү" дешсе, айрымдары "анын эски жарасы ачылып, кан токтобой жан берди" деп жазышат.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы төкмө акын, обончу Майра Керим кызы каза тапкан. Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Кыргыздын келини гана болбостон, жээни дагы болгон.* Мындан 64 жыл мурун, 1950-жылы Альпы тоосунда 4 айлык мышык альпинисттердин артынан ээрчип, Маттерхорн чокусун багынткан.
18-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(4)
Bekzamann
17.08.2014. 20:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз кут болсун премьер мырза!
Anarbaeva
18.08.2014. 00:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун менин да туулган кунум)))
Elya20
18.08.2014. 01:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anarbaeva, туулган кунун менен!
baiysh0704
18.08.2014. 08:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18-aвгустта Алайдын Корул айылынан Кожоева Махабат да торолгон,куттуктайбыз!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















