super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы экинчи мөөнөттүк кызматына киришүүсү менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманы өлкө жектекчиси катары экинчи мөөнөттүк кызматына киришүүсү менен куттуктады. Куттуктоонун кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: "Өткөн шайлоонун жыйынтыгы АКШнын жарандарынын сизге абдан зор ишеними бар экенин күбөлөдү. Бул ишеним сизге ички жана тышкы саясат боюнча сиздердин өлкөнүн алдында турган пландарды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн күч берерине ишенем. Кыргызстан демократиялык реформаларды жүргүзүүдө жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууда Америка Кошмо Штаттарынын жардамын жана олуттуу колдоосун жогору баалайт. Кыргыз-америкалык эки тараптуу кызматташуунун чектелбеген потенциалы мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгынын урматына чыңдала берет деген үмүттөмүн". Алмазбек Атамбаев АКШ президентине бакубаттык, ийгилик каалады. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: