super.kg logo

Жумгал эли "Кара-Кече" көмүр кенин тартипке салууну суранышууда

 

Жумгал эли ЖКнын депутаттары Чыныбай ТурсунбековАбдыманап Кутушев менен жолугушууда "Кара-Кече" көмүр кенин тартипке салууну суранышты. Бул тууралуу 14-августта парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тургундар кургакчылыктын айынан тоюттун аздыгын айтышып, канал, арык, насостук станцияларды иретке келтирүү көйгөйүн көтөрүштү. 

Байзак айылынын жашоочусу Б.Асанбеков Турсунбековго "Кара-Кече" көмүр кенин тартипке келтирүүнү сунуштады. "Кара-Кече" кени Байзак айылынын аймагында жайгашкан. Капчыгайды ар ким каалагандай тешип-казып жатат, мен өзүм былтыр кышында тезек жактым. Экологиялык жагына көзөмөл жоктугунан улам  биздин айылда суу капкара болуп агат",- дейт ал. 

Эл өкүлү өкмөт Кара-Кече маселеси боюнча иштеп жаткандыгын, ал жерге ЖЭБ куруларын, анын жүрүшүн өзү көзөмөлгө ала турганын билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.08.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козомолго алсанар анан канада 3 процент деди го деп берип салбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: