super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Өсүп келе жаткан муун үчүн ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр зарыл"

 
Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева мектептеги сабактар алдында өткөрүлчү көнүгүүлөр жыйындысынын бет ачарына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мектеп окуучуларынын жаш курагына жараша үч топ үчүн көнүгүүлөр жыйындысы КРнын Дене тарбия жана спорт мамагенттиги тарабынан сергек жашоо образын алга жылдыруу алкагында иштелип чыккан. Ден соолук чыңдоочу көнүгүүлөрдүн мектептерге киргизилиши болжолдонууда.

Эльвира Сариева республикада “Дени сак, билимдүү, маданияттуу өлкө” программасы өз ишин баштаганын белгилеп өттү. Анда сергек жашоо образы боюнча долбоорлор камтылган. 

«Аталган программа бөлүгү катары мектептерге ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр киргизилмекчи. Иликтөөлөрдө айтылгандай, мектепте окуй баштагандан тарта балдардын кыймылдуулугу чектелип, алардын 67 пайызы – омурткасына залал тиет, жаштар арасында жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны кескин жогорулоодо. 

Ал эми өлкөдө дене тарбиясынын жайылтылышы болгону 7 пайызга жетет, бул улут генофондунун коопсуздугуна коркунуч туудурган төмөнкү чектен бир топ төмөн. Мен бул демилгени ата-энелер туура кабыл алып, колдоого аларына ишенем. Көнүгүүлөрдү жасоо өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна оң таасир тийгизип, келечектүү жаштардын чоң спортко багыт алуусуна шарт түзөт»,- деди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: