Майлы-Суудагы лампа заводу жаратылыш газы кескин кыскаргандыктан, кыйынчылыкка дуушар болууда
Жалал-Абад облусундагы "Майлы-Суу лампа заводу" буга чейин өндүрүштүк муктаждык үчүн газды Өзбекстандан алып турушкан. Ал жактан берилүүчү газдын көлөмүнүн кескин кыскарышынан улам бүгүнкү күндө заводдун эмгек жамааты бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Маалыматка ылайык, учурда кыш мезгилинде газды Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ААКсынан алуу жагы мерчемделип жатат.
Айта кетсек, быйыл күз айларында "Майлы-Суу лампа заводунун" ишке киргизилгендигинин 50 жылдыгы белгиленүүсү күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.