Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында веложарыш өтөт
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында веложарыш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.
Автор: Айсана Паизова
Анда белгилүү болгондой, Ош-Эркеч-Там жолунун 14-чакырымынан шаардын борбордук аянтына чейин жарышышат. Мелдештин катышуучуларынын жаш курагы чектелбейт.
Ал эми иш-чараны Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте уюштурушууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.