ИИМдин алдындагы Коомдук кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотту
2008-жылы түзүлгөн ИММдин алдындагы Коомдук кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотту. Тиешелүү буйрукка 19-январда Ички иштер министри Шамиль Атаханов кол койду. Маалыматка ылайык, Коомдук кеңеш 2008-жылы ИИМдин ишинин ачыктыгы үчүн жана жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин жогорулатуу максатында ошол кездеги Ички иштер министринин буйругу менен түзүлгөн. “Маалым болгондой, 47 кишиден куралган бул институт өз максатына жеткен жок”,- деп кошумчалайт ИИМ. Айта кетсек, бул кеңештин курамында ЖКнын учурдагы депутаттары Данияр Тербишалиев, Хажимурат Коркмазов жана КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Алымбай Султанов да болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

