super.kg logo

Чоң-Алайда жер титирөө учурунда аткарыла турган чаралар боюнча комплекстик машыгуулар жыйынтыкталды

 
Машыгуунун сценарийи боюнча жер титирөөнүн кесепетинен электр мамычалары үзүлүп, Дароот-Коргон айылынын Дара участкасындагы №44-кесиптик окуу жайынын эски жатаканасында өрт чыккандыгы туралуу сигнал берилип, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.
Коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынын 2 тобунун 12 кызматкери жана энергия менен камсыздоо кызматынын тобу авариялык өчүрүү жүргүзүп, КРнын ӨКМне караштуу өрткө каршы кызматынын 2 тобу өрттү өчүрдү. Ыктыярдуу куткаруучу топтун тогуз куткаруучусу 3 жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына өткөрүлүп беришти.
Өрттү өз убагында өчүрүү боюнча жана өрт чыккан учурда жабыр тарткан жарандарга өз убаганда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана аларды куткаруу аракеттери аткарылды.
Санитардык эпидемиялогиялык көзмөлдөө жана ветеринардык кызматтар тарабынан залалсыздандыруу жумуштары жүргүзүлүп, 3 жабырлануучу тез жардам кызматынын автоунаасында жабырлануучуларды жайгаштыруу пунктуна жеткирилди.

Чоң-Алайдагы Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын абалын текшерүү боюнча «Жарандык коргонуунун жер титирөө коркунучу болгон мезгилде аткарылуучу иш-чаралары» аталышындагы 2014-жылдын 13-августунан 15-августуна чейин өткөрүлгөн үч күндүк комплекстик машыгуу жыйынтыкталды.

Машыгуу бири-бири менен байланышкан эки этап менен өткөрүлдү. Биринчи этапта жер титирөө коркунучу болгон учурда жарандык коргонуу кызматтарынын иш-чаралары уюштурулду.

Экинчи этапта өзгөчө кырдаал болгон учурдагы кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чаралар, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоо иш-чаралары уюштурулду.

Машыгуунун практикалык бөлүгү Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: