super.kg logo

Израилде араб жигити менен еврей кызынын үйлөнүүсүнө каршы акция өттү

 
Жаңы үйлөнгөн түгөйлөр: араб улутундагы күйөө бала, мусулман Махмуд Мансур жана ислам динине өткөн еврей келин Морель Малка

Израилде араб улутундагы мусулман Махмуд Мансурдун жана ислам динине өткөн еврей кыз Морель Малканын баш кошуу салтанаты учурунда алардын баш кошуусуна каршы нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган акция Израилдеги Тел-Авив шаарынын жанында жайгашкан Ришон-ле-Цион шаарында орун алган. "Израилге күйөө бала болгон М.Мансур нааразычылык акцияны токтотуу талабы менен сотко арыз тапшырган, бирок сот бул ишти териштирүүдөн баш тарткан. Араб мусулмандарынын жана еврейлердин үйлөнүүлөрүнө каршы чыгып келген “Лехава” уюмунун мүчөлөрүнө акцияны той өтүп жаткан жерден 200 метрден алыс өткөрүүгө уруксат берилген. Ошол эле учурда аларга каршы чыгып, түгөйлөрдүн баш кошуусун колдогондор да акция уюштуруп жатышкан. Полициянын жүздөгөн кызматкерлери баш аламандыкка жол бербөө үчүн көзөмөлдөп турушту. 

М.Мансурдун жана М.Малканын тоюна 500гө жакын адам келди. Ал эми Израилдин президенти Реувен Ривлин аларга бакыт каалап, үйлөнүүгө каршы чыккандарды айыптады" деп жазышты басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
18.08.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун,кудайдын кулагы суйунсун,суйууго баш кошууга эч нерсе тоскоол боло айбайт го...
18.08.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм дагы бир туура эмес диндеги адам Ислам динин кабыл алганына кубандым..
18.08.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bekzamann, кыргыз кыздары россияда башка улуттар менен баш кошсо да кубнасынбы?
18.08.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун ( Суйуунун кучу керемет дейт беле) ............!!!!
18.08.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арабтар эррркекда.Исламга откон убакта дагы Эврейлерге ишенип болбойт!
Тойлор тойго улансын Мансур аке.
18.08.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуудо улут болбойт.
18.08.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге Израилдин Газаны бомбалаганын жазбайсыңар?!
А израилдин мусулмандарга каршы акциясын жазасыңар да. Эмнеге бүтүн дүйнө жүзүндөгү Газаны колдоо акция демонстрациялар жөнүндө жазбайсыңар?!
18.08.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец жер жузундо мусульмандар кобойоберсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: