super.kg logo

Анарбек Ибраев: "Мелис “Ак маралга” экинчи өмүр тартуулаган, анын жолун балдары жолдойт деп ойлойм" (фоторепортаж)

 
Мелис Асылбашев менен коштошууга КРнын Эл артисти Чоро Думанаев келген.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына ырчы Дилбар Райымбекова да келген.
Маркумдун уулу, кызы жана небереси.
Мелис Асылбашевдин жубайы жана уулу Азамат.
КРнын Эл артисти Керим Турапов жана экс-маданият министри Султан Раев.
КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева.
Саламат Садыкова да маркумду узатуу зыйнатына келген.

Бүгүн, 18-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин башкы балетмейстери Мелис Асылбашевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлдү.

Бий чебери менен коштошуу зыйнатына КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, кыргыз маданиятынын өкүлдөрү Бексултан Жакиев, Чоро Думанаев, Керим Турапов, Саламат Садыкова, Гүлсүн Мамашева, Анарбек Ибраев, Муратбек Бегалиев, Султан Раев, Эрик Латыпов, Азамат Болгонбаев, Адил Чекилов, ырчылар Гүлзат Байзакова, Дилбар Райымбекова, Жаныш Момунов, маркумдун туугандары, санаалаштары, кесиптештери келишти.

 “Мелис “Ак марал” ансамблине экинчи өмүр тартуулап, көрүнүктүү эмгек жасады. Болгон күчүн бий тобуна жумшачу эле. Мен ага "эмоционалдуу болбой, өзүңдү аясаң боло" десем, "мен тынч иштей албайт экенмин" деп күлүп калчу. Чыгаан инсандын артында балдары, неберелери калды. Алар Мелистин жолун жолдойт деп ойлойм”,- дейт КРнын Эл артисти Анарбек Ибраев.

“Быйыл кыргыз эли көптөгөн алдынкы маданият өкүлдөрүнөн ажырады. Шум ажал кыргыз бий чебери Мелис Асылбашевди да арабыздан алып кетти. Талыкпаган эмгеги менен бий өнөр ээлерин таптап чыгарган Мелис байкенин жаткан жери жайлуу болсун”,- деди КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.

Атамды биз идеал тутчубуз. Аны карап түздөнүп, кандай ата болушту үйрөнчү элек. Адамгерчилиги, мээрими, тарбиясы биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат”,- дейт уулу Азамат.

Кыргыз бий искусствосуна кайталангыс из калтырып кеткен инсандын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Ленинград академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, 1972-жылдан тартып балетмейстердик ишмердүүлүктү аркалай баштаган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Бизе-Щедриндин «Кармен-сюита», П.Чайковскийдин "Лебединое озеро", "Белый пароход" жана башка балет-спектаклдерин ийгиликтүү койгон. 

1982-жылдан тартып "Ак марал" улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген. Ал 16-август күнү 67 жаш курагында дүйнө салды

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Мелис Асылбашевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
18.08.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушу Талиева министр болгону ушундай похорондор кобойуп кеткендей... похорондо эле журот, же бир сый коргозуп жоолук салынып койбойт, же бир жузундо да сострадание жок, адашып келип элдин арасына туруп калгандай.
Kamolovna түзөттү 18.08.2014 13:36
19.08.2014. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун( калган омурун балдарына берген болсун Аллахым АМИИН
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: