23-августта Бишкекте өтүүчү марафондун жеңүүчүсү 10 миң сомго ээ болот
23-августта Бишкекте “Менин деним сак болсо, Кыргызстан сак болот” аталышында марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, марафондун алкагында катышуучулар “спорт сүйүүчүлөрү” жана “профессионалдар” категорияларына бөлүнүшүп, 7 чакырымга чуркашат. Өз категориясында биринчи орунду ээлеген спортчу 10 миң сом, экинчи болуп келген 7 миң сом, ал эми үчүнчү орунду алган катышуучу 5 миң сом менен сыйланат.
Айта кетсек, иш-чаранын катышуучулары саат 7:30дан тарта 12-кичи районундагы мечиттин жанына чогулушу керек. Чуркоо саат 9:00дө башталып, А.Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен Манас айылына чейин өтөт. Марафонго катышууну каалагандар "Кыргыз Юнион" уюмуна кайрылып, катталса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.