super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусиянын Хоккей федерациясынын президенти Владислав Третьяк менен жолугушту

 

Бүгүн, 18-августта президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Орусия Федерациясынын Хоккей федерациясынын президенти, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Владислав Третьякты кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстанда хоккей оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Орусиянын Хоккей федерациясынын президентине Кыргызстанга келгени үчүн ыраазычылык билдирип, анын дүйнөлүк хоккейди өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. “Сиздин келишиңиз Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем. Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы спорт тармагындагы өз ара кызматташууну бекемдешибиз керек”,- деди Атамбаев.

Владислав Третьяк эки өлкөнүн Хоккей федерацияларынын ортосундагы кызматташуу, анын ичинде Орусиянын Хоккей федерациясынын колдоосу менен кыргызстандык хоккейчилерге методикалык жардам көрсөтүү, машыктыруучуларды жана оюнчуларды такшалдыруу боюнча пландарын айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Владислав Третьяк Алмазбек Атамбаевге өзүнүн ысымы жазылган майканы белек катары тартуулады.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов да катышканын президенттик аппараттан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: