Эгемендүүлүк күнүнө карата Чоң-Алайга Тажикстандан делегация келет
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунун Чоң-Алай районуна Тажикстандан кыргыз элинин эгемендүүлүктү алган күнү менен куттуктап, эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында делегация келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта райадминистрациядан Сапура Мамытова билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Анын айтымында, эгемендүүлүктүн 23 жылдыгына учурда даярдыктар жүрүүдө. Ал күнү райондогу мекеме- ишканалар ортосунда жыл сайын кезек менен "Ыр кесе" уюштурулуп келет. Бул жылы "Ыр кесени" райондун каржы кызматкерлери өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.