Танктар биатлонуна катышып келген кыргызстандыктарды Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы кабыл алды
Орусияда өткөн танктар биатлонуна катышып, 12 мамлекеттин ичинен 7-орунду ээлеп келген танкисттерди бүгүн, 18-августта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алды.
“Мелдештерден кийин көпчүлүк учурда машыктыруучулар кызматтан айдалат же сыйланат. Мен 7-орунду ээлегенибиз үчүн кимдир бирөөнү айыптабайм. Танктар биатлонунда жаман эмес жыйынтык көрсөттүңөр. Быйыл биринчи жолу катыштык. Кийинкисинде мындан жакшы жыйынтык күтөбүз”,- деди генерал-майор А.Алымкожоев. Андан тышкары ал атайын грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















