super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Көк-Мойнок айылындагы мектеп окуучулары чабандардын үйүндө билим алышууда

 
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын мектеп окуучулары чабандардын үйүндө билим алышууда, анткени алардын мектеби өткөн жылдын декабрь айында өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Тоң районунун акиминин орун басары Улан Маликов билдирди. Маликов окуу жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпоо максатында Аксакалдар кеңешинин имараты жана  эки чабандын үйү пайдаланууга берилип, тиешелүү шарттар түзүлгөнүн айтат. Ошондой эле жаңы окуу жылына карата жаңы мектеп курула турганы айтылууда. Эске сала кетсек, Көк-Мойнок айылында 92 окуучу жана 12 мугалим бар.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: