super.kg logo

Кызыл-Кыядагы мектеп-интернатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 262 бала жашайт

 

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Кызыл-Кыя шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектеп-интернатын трансформациялоону талкуулаган тегерек столго катышты. Бул тууралуу 19-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жылдыз Полотова Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатын трансформациялоо өкмөттүн 2013-2016-жылдарда балдар интернаттарын башкарууну оптимизациялоо жөнүндө токтомунун негизинде жүрүп жатканын айтты.

Өкмөт аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнөн, билим берүү жана илим министринин орун басары, жергиликтүү бийлик органдарынан өкүлдөр катышкан талкууда аз камсыз болгон бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу каралды. Кызыл-Кыя мектеп-интернаты 1960-жылы малчылардын балдары үчүн ачылган. Азыркы тапта интернатта жарым жетимдер, аз камсыз болгон бүлөлөрдөн жашашат. Ал жерде 262 бала бар болсо анын 160ы туруктуу жашагандар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: