super.kg logo

Аламүдүн районунун тургундары жаратылыштын бузулуп жатканын айтып, казылып жаткан карьердин жолун бууп турушат

 

Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тургундары жаратылыштын бузулуп жатканын айтып, казылып жаткан карьердин жолун бууп турушат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына айыл тургундары кабарлашты.

“Кечээ, 18-августта 1 боз үй тигип, 50-60ка чукул киши чогулдук. Карьердин казылып жатканына каршыбыз. Себеби бул жерде экологияга бир топ зыян келип жатат. Ошол эле учурда айылдан 200-300 метр аралыкта жайгашкан карьерде малдар кулап өлүп жатат. Бул жерде бетон чыгарган бир ишкана жана таш талкалаган 2 ишкана бар, алар убактылуу иштебей турушат. Айыл тургундары маселе чечилгенге чейин жолду ачпайт. Карьерди казуу боюнча айылдык депутаттардын чечими чыккан. Бирок биз ал буйрукту көрө элекпиз”,- деп билдирди өзүн Болот деп тааныштырган айыл тургуну. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.08.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bazake,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: