“Барселона” курамга жаңы кошулган 8 оюнчусун расмий түрдө тааныштырды
Уругвайлык футболчу Луис Суарес.


Уругвайлык футболчу Луис Суарес.

Бельгиянын жарым коргоочусу Томас Вермален клубдун өкүлдөрү менен.

Акыркы сезонду испаниялык "Севильянын" курамында ийгиликтүү өткөргөн хорватиялык Иван Ракитич.
Каталондук футболдук клуб, Испаниянын вице-чемпиону “Барселона” команданын курамына быйыл жаңы келип кошулган 8 оюнчусун расмий түрдө тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, клубдун стадиону “Камп Ноудо” Жоан Гампердин атын алып жүргөн кубок ойнотулууда. Кезектеги беттеш алдында клуб күйөрмандарга чабуулчу Луис Суарес, коргоочулар Томас Вермален, Жереми Матье, дарбазачылар Клаудио Браво, Хорди Масипа, Марка-Андре тер-Штеген, жарым коргоочулар Иван Ракитич жана Рафинья сыяктуу жаңы жылдыздарын расмий түрдө тааныштырды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

HALA Madrid а так)))