Мелис Турганбаев: "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү” боюнча мыйзам долбоорун 2008-жылы Курманбек Бакиев чектеп койгон"
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү” боюнча мыйзам долбоорун 2008-жылы Курманбек Бакиев чектеп койгон",- деп билдирди ЖКдагы парламенттик угуу учурунда Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев. Анын айтымында, 2011-жылы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыяланып, азыркы күндө да улантылып жатат. "Уюшкан кылмыштуу топтордун колу менен мурунку президенттин аппарат жетекчиси Медет Садыркулов, анын айдоочусу, Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченко, жакында эле милициянын полковниги Толкунбек Шоноев өлтүрүлгөндүгүн кошумчалады Турганбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

