Ленин районундагы Орто-Алыш суу чарба башкармалыгынын айланасында 100 гектар куураган чөп күйүп кетти






Кечээ, 18-август күнү саат 15:55 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районундагы Орто-Алыш суу чарба башкармалыгынын айланасында кургак чөп күйүп баштаган. Өрттү өчүрүүгө №28-өрткө каршы кызматынан 1 бөлүм, Бишкек шаардык суу чарба ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү унаа, 8 суу ташуучу унаа тартылган. Саат 22:30да өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен болжол менен 100 гектар куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.