Бишкекте тоноочулукка шектелип төрт жаран кармалды
Бишкекте тоноочулукка шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, 26 жаштагы борбор калаанын тургуну милицияга кайрылып, Кулиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 4 адам күч колдонуу менен сумкасын жана анын ичиндеги баалуу буюмдарын тартып алышкандыгын кабарлаган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 2 тургуну жана Нарын облусунун 1, Бишкек шаарынын 1 тургуну кармалган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.