Суктанууну жараткан ажайып кооз көл Сары-Челектен фотобаян
Сары-Челек биосфералык коругу 1959-жылы уюшулган. 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан биосфералык коруктардын эл аралык тармагына киргизилген.


Сары-Челек биосфералык коругу 1959-жылы уюшулган. 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан биосфералык коруктардын эл аралык тармагына киргизилген.

Көлдүн атын суу жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы койгону да айтылып келет. Ал балды челекке куюп жатканда балдын түсү ага ушунчалык жагып калгандыктан, көлдү Сары-Челек деп атап койгону тууралуу айтым бар.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар жана пихталардын калың токою менен курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз.

Аймактын кооздугу - табигый шартынын ар түрдүүлүгү, байлыгы, дүйнөнүн башка жеринде болбогон өсүмдүктөрү, айбанаттар жана алардын чарбалык жана илимий жактан баалуулугунда.

Сары-Челекке Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Орто Азия, Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны арбын.

Сары-Челекке Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Орто Азия, Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны арбын.

Туристтердин кызыгуусун жараткан кооз аймакта тоо, токой, көл, көк асман гармониясы орун алган.

Жайкысын көлдөгү суунун температурасы
+19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат.

Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Жылдын бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот.

Жылдын бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот.

Көк мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат.

Бишкектен 500 чакырым, ал эми Оштон 300 чакырым аралыкта жайгашкан көлдүн кооздугу суктандырбай койбойт.

Көл Аксы районунун аймагында орун алган. Бул жакта коон, жүзүм, пахта сыяктуу өсүмдүктөр менен бирге тоо жакта, жаңы гана мөңгү кеткен жерде суукка эң чыдамдуу өсүмдүктөр өсөт.

Аймактын өзгөчөлүгүнүн бири - ысыкты сүйүүчү жемиштер менен кошо жалаң карда, көк музда жашоочу топоз сыяктуу жаныбарлар да бар.





















Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Жаңылай Кекеева
Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери тик аскалар менен курчалган. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Кыргызстанда Ысык-Көлдөн кийин экинчи орунда турат. Сары-Челекке Орто Азия, Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны арбын.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
4

Комментарийлер(16)
aikol87

19.08.2014. 15:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай гана керемет жерлер. Бизде баардыгы кооз,просто пайдаланганды билбейбиз.
jalgyzdyk

19.08.2014. 15:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Ала-Арчабыз)))))Ысык-Колубуз да))))
jasi

19.08.2014. 16:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Сары-Челекти бир коруп келгим барда.Суротторун коруп суктанып эле отурасын!
Asan_aksy

19.08.2014. 16:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келип коруп кеткиледа кандай керемет жер эсалгандай болосун Аксылыктар барбы Кербенден 1986-жылкыларга чоон салам.
sportsmen.boy

19.08.2014. 17:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан эн кооз жерлердин бири. Сууга, кенге, жаныбарларга, тоого бай. Эгер биз аларды туура пайдалансак азыр онуккон олколордон болот элек.
kursantbek

19.08.2014. 17:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сары челек Келип коруп кеткилееее мен Кооп бардым бул жерге сонун жер)))))) коооз)))))))
bekzat.4496

19.08.2014. 17:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бюрса келерки жылы кга барганымда албете барам чынын айтсам коро елекмин кандай керемет жер екен
fea1990

19.08.2014. 17:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун
rozka

19.08.2014. 18:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх мен дагы баргым келип жатат Буйурган куну бараармын
berdishov89

19.08.2014. 19:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бир жолу баргнмын ошол бойдон кумар болуп журом дагы деле кудай буйруса кыргызстанга барганда барам сонун кол достор силер дагы баргыла !!!
Asyl_Kg

19.08.2014. 21:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана керемет жер, уч кун болду соонун эс алып келдик
Ganibal87

20.08.2014. 01:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайыма шугур мага келинчегимди Сары-Челектин жанындагы айылынан насип кылган балдарымды быйыл да жонотом буйурса баргыла ес алгыла сонун жер
ma4ak

20.08.2014. 12:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сары-Челек көлү чынында сонун,жакын болгондуктан жылды барып турабыз,эс алчу жер,баардык нерсе таза,табигый. Келгиле туугандар эс алып кеткиле биздин көлгө да.
Frunze1

20.08.2014. 14:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сары-Челек Кыргызстандын корку, байлыгы, ал эми биз мындай байлыктарыбызды козубуздун карегиндей асырап кийинки муунга, урпактарыбызга ушул бойдон жеткируубуз керек. Андыктан Сары-Челекке барууга чектоо киргизуу керек. Кунуго 100 адамдан ашпаган, 2-3 саатка кана уруксат берилуусу, катерге уруксат берилбоосу керек. Ар барган адам катерге тушуп, алып барган тамак-ашынын калдыктарын (мусор) ыргытып, сууну, айлананы канчалык булгап жатканынарды билесинерби?
Frunze1

20.08.2014. 14:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кетиште 5-10 жылдан кийин аянычтуу Сары-Челек калат, анын устуно Сары-Челек корук, мында кызыл китепке киргизилген жаныбарлар бар, аларды уркутуп, керек болсо копкон акчалуулар аларга анчылыкка чыккан жайы бар кой дээр кожосу жок. Барып карасан ар кандай бош ботолко, целофан пакеттер, тамак аш калдыгы, керек болсо презервативтерге чейин табасынар. Союз убагындай катуу тартип, козомол, корукка аяр мамиле болгондо гана Сары-Челек ушул коркунон жазбайт.
Ala-Too

20.08.2014. 14:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жергиликтуу айылдар жайыт, жайлоо талашып корукту мал жайган жайлоо катары пайдаланып, айрым айбанаттарга анчылык кылып жатышканынан копчулуктун кабары жоктур. Бул кетиште коруктан да, андагы сейрек кездешуучу айбанаттардан, осумдуктордон кол жуудук дей бергиле, ач коздук, анкоолук, женил ойлуулуктун айынан колдогу алтынардан айрыласынар калайык...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.