Азим Акматов: "Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Турсунбек Акундун талапкерлигин колдобойт"
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери КРнын Акыйкатчысы кызматына Турсунбек Акундун талапкерлигин колдобойт. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Акыйкатчы институтунун Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Азим Акматов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында учурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун мамлекетке эбегейсиз каржылык жана имидждик чыгым алып келди. Турсунбек Акун өзүнүн жана атасынын юбилейлик мааракелерин БУУнун "Өнүктүрүү" программасы жана ЕККУнун мамлекетке берген кайтарымсыз жардамынын эсебинен өткөргөнүн айтат Акматов. Мындан башка да бир топ туура эмес иштерин айткан Акматов аталган институттун эмгек жамааты Акундун Акыйкатчылык кызматка талапкерлигин кароону парламенттен сурана турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

