super.kg logo

“Өрт чыккан жерлерде күнөөлүүлөр жазаланышы керек” дейт өзгөчө кырдаалдар министри

 

“Өрт чыккан жерлерде күнөөлүүлөр жазаланышы керек”,- деди бүгүн, 19-августта КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурган атайын жыйындын жүрүшүндө аталган мекеменин башчысы Кубатбек Боронов.

Маалым болгондой, бул иш-чарада республиканын аймагында акыркы мезгилдерде талааларда жана тоолордо өрттөрдүн көп катталып жаткандыгы боюнча маселе каралган. Министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы, полковник Мухамед Сваровдун берген маалыматы боюнча, республиканын аймагында жыл башынан бери 2594 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 2920 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан өрт кырсыктарынан 133 адамдын өмүрү сакталып калган.

Министр Кубатбек Боронов мындай маалыматка канааттанбай тургандыгын билдирди. “Ар бир болуп өткөн өрт кырсыктары боюнча терең анализ жүргүзүлбөй жаткандыктан, алардын саны күн сайын өсүп жатат. Ушул кезге чейин өрт кырсыгынын чыгуусуна себепкер же күнөөлүү болгондордун жазалангандыгы тууралуу маалыматтар ачыкталбайт. Себеби мындай анализ жүргүзүлбөйт, бул маселеге түздөн-түз тиешеси бар органдар маалымат беришпейт. Мисалы, жергиликтүү бийлик жана токой чарбалары, жарандар эс алуучу кооз жайлардын ээлери өрт болгон учурда өрт өчүрүүчүлөргө ыкчам кабар жеткиришпейт. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандардын аты-жөнүн жашырышат. Ал тургай айрым учурда өрт болгондугу тууралуу маалыматтарды да жашырышат”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: