super.kg logo

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы: "Жаңы окуу жылына бардык билим берүү мекемелери даяр"

 

Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалым болгондой, 2014-2015-жаңы окуу жылына жана күз-кыш айларына карата даярдыктары кабыл алынып, текшерүү жүргүзүлдү. Мектептердеги курулуш, актоо, сырдоо иштери толугу менен аяктады.

Ал эми күз-кыш айларына даярдоо жана жылуулук менен камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча «Жол чырак» жеке ишканасы тарабынан 280 тонна көмүр менен камсыз кылуу жагы каралып, учурда Ленин атындагы №10 мектебине 15 тонна, №44 мектебине 25 тонна, №49 мектебине 30 тонна, №71 «Үмүт» бала бакчасына 25 тонна, №72 «Жеткинчек» бала бакчасына 15 тонна, жалпы 110 тонна көмүр жеткирилип берилди. Ал эми 170 тонна көмүр график боюнча №11 Терешкова мектеп-интернатына белгиленген мөөнөттө камсыз кылынуусу күтүлүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: