Бишкектин мэри маршруттук такси кызматтарынын башчылары менен шаардык транспортто болгон көйгөйлөрдү талкуулады




Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов шаардагы маршруттук такси кызматтарынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
К.Кулматовдун айтымында, шаардык транспорттун алдындагы маселелерди чечүү үчүн катуу чараларды көрүш керек. Жолугушуунун жүрүшүндө күйүүчү майдын кымбатташы, тарифтик саясат, өтө чоң тыюулар жана башка көйгөйлөр талкууга алынды.
Маршруттук такси кызматтарынын башчылары “шаардын айрым бийлик өкүлдөрү негизги милдеттерин аткарбай, популизм менен алектенип жүрүшөт” деп арызданышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бир айдын ичинде жумушчу топту түзүү боюнча келишимге келишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.