super.kg logo

"№47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басарын сайып кетти" деп айыпталып жаткан жарандар сот залынан бошотулушту

 
Нуркемел Искендеров
Тимур Айткожоев
Исмаил Токобаев

2013-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында №47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Милан Шакиевди белгисиз 4 адам бычак менен сайып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары үстүбүздөгү жылдын башында Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров кармалган эле.

Бүгүн, 19-августта аталган окуя боюнча Ленин райондук сотунда сот отуруму орун алды. Анда бул иш боюнча соттун өкүмү угузулду. Ага ылайык, айыпталып жаткан Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров сот залынан бошотулуп, үй камагына чыгарылышты. Кылмыш иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү, себеби алгачкы тергөөлөрдө бир катар кемчиликтер кеткени эске алынды.

Сот залынан бошотулган Тимур Айткожоев менен Нуркемел Искендеров аларды айыптап жаткан кылмыш ишинде эч кандай күнөөлөрү жок экендиктерин билдиришти. "Бизди 8 айдан бери камакта себепсиз кармап отурушту. Эч кандай далил жок болчу, себеби биз бул кылмышты жасаган эмеспиз",- деген оюн билдирди Нуркемел Искендеров. Ал эми алардын жактоочусу Исмаил Токобаев: "Балдардын эч кандай күнөөсү жок. Аларга жөн жерден иш козголгон. Буюрса, алар толугу менен акталат",- деп билдирди сот отурумунан кийин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу жок болсо жок да
20.08.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nano85,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: