super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Кримчөйрөнүн өкүлдөрү бүгүн карапайым элге да салык салууда"

 

Бүгүн, 20-августта "Ата Мекен" фракциясы кезексиз жыйынга чогулду. Жыйында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн жүрүшү, КРнын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине талапкерлерди жылдыруу, шайлоо жана башка маселелер каралмакчы.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев жыйында буларга токтолду: “Биз, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, жайында шайлоочулар менен жолугушуп келдик. Эл кылмыштуулукка каршы аракеттер начарлап баратканын билдирип, “Ата Мекенге” жана КСДП фракциясына дооматтарды айтышты. Ошол үчүн биз кезексиз жыйынга чогулуп жатабыз. Кримчөйрөнүн өкүлдөрү Ысык-Көлдө жөнөкөй жарандарга чейин салык салып жатышыптыр. Тоңдо шайлоочулар “айылга жашылча алып келген фураларга да салык салып, алар зыянга учурагандыктан качып кетишти, ушуларды токтотсоңор” деп өтүнүштү. Бир аз акча тапканга аракет кылган тынч жарандарга да салык салып жатышса, бул жеткен чеги”,- деди Текебаев.

Ошондой эле кримчөйрөнүн жигиттери көмүр шахталарын да басып алып, элге көмүр бербей жатканын кошумчалады.

"Кара-Кече" шахтасын да айтышты. Бир да ишкана "Кара-Кечеден" көмүр ала албайт экен. "Каралар" басып алып, каалаган кишисине уруксат берип, каалаганына бербей коюп жатышыптыр. Демек, кылмышкерлер бүгүн өтө эле баш көтөрүп жатканын жашырууга болбойт”.

Жыйынга фракция депутаттары, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана башкалар катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: