super.kg logo

Жалал-Абадда бир катар ишканалар каражаттын жоктугунан улам токтоп турат

 
Жалал-Абад облусунда акча каражаты жоктугунан улам бир катар мекеме-ишканалар иштебей турат. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, трихлорсилан, кремний өндүргөн «Таш-Көмүр солар» ЖЧКсы, ун чагаруучу «Азрет-Айып» ЖЧКсы, нефть иштеткен ишканалар үчүн керектелүүчү жабдууларды чыгарган «Жетиген» АКы, темир материалдарын жасоочу «КГСК» ААКы өз ишин токтоткон. 
Ошондой эле технологиялык жабдыктары иштөөгө жарактуулугун жоготкондуктан, жапайы алма ширесинен концентрат өндүргөн «Жандос» ЖЧКсы, сырткы рыноктордон алармандардын жана айланма каражат жоктугунан жип (пряжа) чыгарган «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсы, Казакстанда буудай кымбат болгондуктан жана ун базарында атаандаштыкка туруштук бербегендиктен, ун чыгарган «Мариям» ЖЧКсы токтоп турат. 
Ал эми чийки заттын (нефть) жоктугунан нефтини кайра иштеткен "Кыргыз-Өзбек-Азербайжан" ЖЧКсы, кадр маселеси чечилбегендигинен жана буйрутманын жоктугунан «Тигүү фабрикасы» ААКсы жана акча каражаты жана лицензия жоктугунан жүндү кайра иштеп чыгарган «Коттон Оущен» ЖЧКсы иштебей турат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: