Алай акими Нура айылынын элинин жарандык паспорту болсо, Эркеч-Тамга өтүүгө болорун айтты
Алай районунда Нура айылынын эли жумушсуздуктун айынан Эркеч-Тамга барып иштеген тургундар мурда чек арадан тоскоолдуксуз өтүп келишсе, эми Нурага кире бериш жердеги чек ара пунктунан уруксат кагазынын жоктугуна байланыштуу өтө албай жатышкандыктарын билдиришкен болчу. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Алай районунун акими Таалай Сарыбашовго кайрылганыбызда, 19-августта Нура элинен кайрылуу түшкөнүн айтып: "Ал жерде чек ара бекети бар болгондуктан, Нура эли жарандык паспорту менен өтсө болот. Бирок алар үчүн уруксат кагазы керектиги жөнүндө иликтөө ишин жүргүзүп жатабыз. Негизинен чек арада уруксат кагаз деген нерсе жок. Бирок башка жактан келгендер үчүн атайын тактама кагаз керектелет. Ал нерсенин Нура элине тиешеси жок",- деди.
Автор: Айсана Паизова
Алынган маалыматтарга ылайык, Алай районунун башкы мал доктуру Таалайбек Шерботоев алыскы Көк-Суу жайлоосундагы элдин малынан кабар алып келүү үчүн мал доктурлардын тобун жөнөткөн. Бирок алар Нурага кире бериш жердеги чек ара пунктунан өтө албай, Сопу-Терек ашуусун ат менен ашып өтүүгө аргасыз болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Lintel

20.08.2014. 14:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КПП эми озуно келиптир текшерип,мурун 50сом берсе бардык жаран отуп кете берет эле. Уйгур кытайы тосколсуз отуп жургон убагында чекарачылардын шалакылыгынан жергиликтуу калк кыйналды. Эми дагы жакшылап текшериш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.