super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнө ар түрдүү жаракаттар менен күнүнө 100дөй адам кайрылат

 

21-январда Бишкек шаардык ооруканасынын травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна денесинен ар түрдүү жаракат алып 94 адам кайрылган. Бул тууралуу аталан мекеменинин травматология бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бакыт Исанов билдирди. Анын айтымында, аталган бөлүмгө күнүнө 100дөй адам кайрылат. “Биздин ооруканага жолдун тайгактыгынан денесин кокусутатып алгандар көп келишүүдө. Күн жылып, кар ээригени менен борбордогу кээ бир жолдор кардан тазаланбай, анын кесепетинен тайгаланып, бир жерин кокустатып алгандар көп. Бирок кыргызчылыгыбыз дагы бар эмеспи, канчасы ооруканага келбей жатып алган учурлар да бар”- деди Исанов.  

Шаар көчөлөрүндөгү муз жолдордун кесепетинен бут сөөгүн чыгарып алган Бишкек шаарынын тургуну 43 жаштагы Анатолий Черапкин 9 күндөн бери ооруканада жатканын айтты. “13-январь күнү аялым экөөбүз кечинде Аламаты көчөсүндө жайгашкан ишканадан чыгып бара жатканбыз. Кокустан эле бутум тайгаланып кулап түштүм. Дароо "Тез жардам" чакырдык. Анан бул жерге келгенимде доктурлар бутумдун кыр сөөгү сынып кеткенин айтышты. Кечээ операция жасашты. Бир аптадан кийин үйгө чыгам деген үмүттөмүн”,- дейт ал. 

Ал эми Бишкектеги көчөлөрдүн кышкы абалы тууралуу шаарга Ноокат районунан жумуштап келген Турдубай Мамадалиев мындай дейт: “Бишкектин борбордук көчөлөрүнө кум себүү иштери болгонун байкадым. Борбордук көчөлөрдөн башка көчөлөр эч кандай тазаланган эмес. Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мындай жолдордон жаштар өтүп кетиши мүмкүн, а бирок кары адамдар кыйналат. Кокустан алар жыгылып кетип, бир жерин кокустатып алышса, аларга түйшүк болот”. 

Бишкек шаарында айдоочу болуп иштеген Шермат Айдаров “Шаардын көчөлөрү толугу менен кардан тазаланды дегенге мен кошулбайм. Анткени борбордун кээ бир аймактарына жүргүнчүлөрдү жеткирип барганымда жолдогу муздар унаанын алдына тийип кеткенде жаным кейийт. Муз таштан да катуу болот эмеспи, таштын үстүндө эле кетип бара жаткансыйсың”,- деп кошумчалады.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: