Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт
Бишкектеги “Аккула” ат майданында Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мелдеш 23-августтан 31-августка чейинки аралыкта жүрөт.
Ага 15ке чукул командалардын катышуусу күтүлүүдө. Мелдештин жалпы байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Биринчи орунду ээлеген команда 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болот. Чүчү кулак 22-августта ташталары күтүлүүдө. Финалдык беттеш 31-августта орун алмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Akabai

21.08.2014. 23:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кокбору кандай сонун оюн э
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.