super.kg logo

Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү документтери жок мал ветеринардык посттордон өткөрүлбөйт

 

Мындан ары ветеринардык тиешелүү документтери жок мал ветеринардык посттордон өткөрүлбөйт. Бул тууралуу 20-августта Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул эпизоотикалык абалды көзөмөлгө алуу жана тамак аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарыяланган бир айлыктын алкагында ишке ашырылат. 

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын адистери 17-18-август күндөрү “Сосновка” ички ветеринардык постунда болуп, мал ташуудагы кыймылын көзөмөлгө алып, мурдагы Боом капчыгайындагы “Кызыл-Көпүрө” ички ветеринардык посту Кемин районуна уюштурушкан.

"Биринчи эле күнү “Кызыл-Көпүрө” ички постунда жалпы 33 автоунаа  өткөн, анын ичинен 7 автоунаа менен өткөн малдын ветеринардык коштомо документтери болгон, ал эми калган ветеринардык коштомо документтери жок мал ташыган автоунаалардын ээлерине актылар түзүлүп, мал клиникалык кароодон өткөрүлдү. 

“Сосновка” ветеринардык көзөмөлдөө пунктунан 26 автоунаа менен малды базарларга алып өтүп, 11 автоунаада ветеринардык коштомо документтери болгон. Калган ветеринардык коштомо документтери жок мал ташыган автоунаа ээлерине эскертилди" деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: