super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы бюджеттик өзгөрүүлөр мектептерди оңдоо, социалдык жөлөк пул жаатына тийиштүү болот

 

Бүгүн, 20-августта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева министрлик жана ведомстволор менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык блогунун бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрүн талкуулады.

Вице-премьер-министрдин айтымында, 2015-жылы бюджет кирешеси грант жана мамлекеттик инвестицияларды эсепке алганда, 102 302,7 миллион сомду түзөт. Мында Кыргыз Республикасынын бюджети социалдык тармакка багытталган бойдон калат.

Келерки жылкы бюджеттик өзгөрүүлөр мектепке чейинки даярдык, мектептерди оңдоо, социалдык жөлөк пул, саламаттыкты сактоо, маданият жааттарына тийиштүү болот. Эльвира Сариева бөлүнгөн каражаттарды пайдаланууну жакшыртуу аркылуу чыгымдарды көзөмөлдөө жана аны натыйжалуу колдонуу зарылдыгын белгилеп: "Жыл сайын социалдык тармакка болгон чыгымдар жогорулоодо, бирок каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси мурдагыдай эле актуалдуу болуп эсептелет”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: