super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Араван районундагы УКМК кызматкерлеринин тегерегинде чыккан чуулуу ишти дыкат иликтөөнү тапшырды

 

20-августта премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ош облусунун Араван районунун тургуну, багбан Шавкат Байбабаевдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылуусунун негизинде жыйын өткөрдү. Жыйынга ИИМ, УКМК, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын, Башкы прокуратуранын жетекчилери катышты.

Премьер-министр адегенде өзүнүн атына Шавкат Байбабаевден кайрылуу келип түшкөнүн айтты. “Анда 2014-жылдын июнь айында анын алча багына негизсиз түрдө бир нече ирет УКМКнын Араван райондук бөлүмүнүн жана Чек ара кызматынын куралданган кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жалданма жумушчуларды аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөр өткөрүлгөндүгү айтылат",- деди өкмөт жетекчиси.

Жоомарт Оторбаев жарандардын, анын ичинде ишкерлердин укугун коргоонун, алардын ишкердүүлүгү үчүн шартты камсыздоо жана текшерүү органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөө керектигин белгиледи. “Мамлекеттик органдар калкты колдоого алуу менен анын ак эмгеги менен каражат табуусуна, үй-бүлөсүн багуусуна жолтоо болбошу керек",- деди Оторбаев.

Шавкат Байбабаевдин тегерегинде болгон чатактан кийин Жоомарт Оторбаев УКМК жана Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым өкүлчүлүгүнө кыска мөөнөттө багбан тарабынан айтылган фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүсүн тапшырган. Жыйында иликтөөнү аяктап жана Шавкат Байбабаевдин арызын тыкыр талдоого алууну тапшырды.






Аравандын УКМК кызматкерлери дыйкандарды опузалашууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: