Эльвира Сариева сынакта Япониядан билим алып келүү укугун утуп алган стипендиаттарды куттуктады
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 20-августта "Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү" долбоору аркылуу Япониядагы университеттерден магистрдик билим алууга сынактан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жолугушту. Аларды куттуктаган вице-премьер: "Сынактын жыйынтыгы менен 2014-2015-жылдарга Кыргызстандан 15 стипендиаттын аты-жөнү белгилүү болду. Долбоор башталгандан бери 117 адам кетип, алардын 82си өздөрүнүн диссертацияларын жактоого жетишишти. Кыргызстанга кайтып келишип, алган билимдерин иш жүзүндө ийгиликтүү колдонушууда",- деп билдирди.
Аягында Эльвира Сариева стипендиаттарга ийгилик каалап, алар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин алган билимин өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө жумшай турганына ишенерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















