super.kg logo

Бишкектеги соода күркөлөрүнүн ордуна гүл отургузулууда

 

Борбор калаанын Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 21-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Көчөлөргө гүл өстүрүүчү үч клумба коюлуп, көз жоосун алган петуньялар, бархат гүлдөрү, тернариялар жана тегатистер отургузулду. Клумбалардагы гүл композициясынын борборуна отургузулган агава гүлү айрыкча көрк берип турат. Бул гүлдөр ысыкка жана кургакчылыкка чыдамдуу келет.

Гүл клумбалары мурдагы жеңилдетилген түрдөгү соода объекттеринин ордуна коюлду. Соода объекттерин ордунан алгандан кийин калган пайдубалдар гүл клумбаларын коюу үчүн ылайыкташтырылды. 

Свердлов райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова: “Шаардын ар бир тилкесин жашылдандырып, көрктөндүрүү - биздин милдет. Көрктүү жана жашыл шаарыбыз шаар тургундарына жана конокторуна кубаныч тартуулайт деген ишенимдемин. Бул багыттагы иштерди чарба субъекттери менен биргеликте улантабыз”,- деди.

Райондук администрация районду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралардын планын кабыл алган. Азыркы учурда көп жылдык гүлдөрдү отургузуу үчүн дагы төрт клумба даярдалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.08.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биротоло кышында эле отургузушса болмок экен. Гул отургузууну аябай эрте башташкан го? Гул отургузганды коюп, шаардын ичиндеги ташатндылары тазалап кетишсе орундуу иш болот беле!? Мунусу деле жакшы дечи, бирок,көз жоосун алган петуньялар, бархат гүлдөрү, тернариялар жана тегатистер эмес балакет гул болсун, жанын да жайнаган таштанды жатса баары бир окшошпойт. Кыш келээрине деле эки эле ай калды. булардын баары эле соолуп калат. Мвндай ишти эрте жазда башташ керек да.
22.08.2014. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul oltorguzgany sonunda waarybyz an saiyn korkuno kelet
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: