Айтмамат Кадырбаев: "Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу зарылчылыгы жок эле"

Кечээ, 20-августта эмгек ардагерлери менен өткөн жолугушууда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев: «Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу зарылчылыгы жок эле»,- деди.
Анын айтымында, эски көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрсө, ал дагы бир нече жыл элге кызмат кылмак.
“Эстакадалык көпүрөнүн курулушу элдин жашоосун кыйындатты жана жолдун жабылышы автоунаа тыгынын пайда кылды. Ошентсе да башталган иш бүтөт. Азыр көпүрөнүн курулушунун биринчи этабы аяктоо алдында турат. Ага 16 миллион сом сарпталды. Мурда аны бүткөрүүнүн жалпы суммасы 595 миллион сомго бааланса, биз аны кыскартып, 450 миллион сом деп карадык”,- деди Кадырбаев.
Мындан сырткары калаа башчы эстакадалык көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз башталганын жолугушууда белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-2

Далили жок маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Жеке айтышууну токтотуңуз.
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат.