super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өткөн аптада Бишкек "Тез жардам" станциясы тарабынан 754 адам ооруканага жаткырылды

 

Үстүбүздөгү жылдын 11-августунан 17-августуна чейинки мезгилде Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 3555 адам кайрылган. Бул тууралуу 20-августта Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментине шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 2768 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 754 адам ооруканаларга жаткырылды. Аталган мезгилде "Тез жардам" станциясында 214 бригада иштеди, санитардык унаалардын саны 230 бирдикти түзөт. 

Катталган кайрылуулардын ичинен 33ү жол кырсыктары боюнча, жаракат алган адамдардын саны 36. Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 331 адам кайрылса, алардын 90у ооруканага жаткырылган, анын ичинен 45и 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. 

Респиратордук вирус инфекциясы менен 329 адам кайрылып, алардын 43ү ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 42си 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Шаардык төрөт үйлөрүндө 563 төрөт катталса, алардын 100үнө гинекологиялык операция жасалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: